Сайттын жаралыш тарыхы.

    "Кыргыз санжырасы сайтын эмне себептен ачтың эле, кандай кызыкчылыгы бар сага"-деп сурап калышат. Ушундай маанидеги суроолорго жалпылап жооп берип коюуну туура көрдүм.
Бул сайттын ачылышына эң биринчиден атам Көпөш уулу Шаршемби себепкер десем болот. Эмесе кепти башынан баштайын.
    СССРдин учурунда мечиттер жок, намаз окууга тыюу салынган учур болгондуктан Рамазан айында айыл аксакалдары ар кайсы үйлөрдө тараба намаз окушчу экен. Чоң атам дагы элден кем калбай аксакалдарды үйгө чакырып, тараба намаз окушуп, намаздан соң тамакка отурушуп аксакалдар санжыра айтышчу экен. Атамдын айтуусунда ошол аксакалдардын оозунан чыккан санжыра сегиз тогуздар чамасындагы тестиер бала кезинен баштап санжырага кызыгууну пайда кылган. Түн ортосунан ооп кетсе да уктабай ичикке оронуп отуруп алып санжыра укчу экен. Кудайдын берген белегиби же талантыбы, атамдын эске тутуусу жогорку деңгээлде десем болот, ошол бала кезде уккандарын азыркыга чейин жаңы эле уккандай кылып айтып берет.
    Кийин КПССтин тапшырмалары боюнча Тянь-Шань (Нарын), Ат-Башы райондорунун бир топ колхоз, совхоздорунда эмгектенип жүргөн кездеринде барып иштеген жерлеринен да санжыра жазып чогултуп жүрдү, ошол бойдон азыркы күнгө чейин талыкпай санжыра иликтеп келет. Атамдын кол жазмалары саргарып эскире баштаганын байкап, кандай сактап калуу керек деген ой пайда болду. Компьютерге жакын жаным (бир аз программа жазып коём, хобби катары) программа түзүп чыгууну чечтим. Алгач чакан эле өзүбүздүн Айтмамбет уулунун санжырасын жазып, белгилүү бир адамдын санжырасын схема кылып даярдап бере турган программа иштеп чыктым. Даярдалган схеманы принтерден кагазга чыгарып алуу мүмкүнчүлүгү да бар эле. Жаңылбасам 2011-жылдары болсо керек эле. Андан кийин атамдын кол жазмаларын толук жазып бир базага сактап чыктым.
    Бара-бара технология өнүгүп айылдарга чейин мобилдик интернет жетип, дээрлик ар бир адам смартфонго жетип калганда интернетке санжыра сайтын ачуу идеясы пайда болду. Уулум Азиз үчүнчү курста окуп баштаганда, "өзүңө практика болот, бир сайт ачып жалпы Кыргыз санжырасын санариптик форматка сактайлы" деп сунуштасам уулум туура кабыл алды. Ошентип кеңешип акырындап баштадык ишти. Алгачкы версиясынын программалык бөлүгүн даярдоого кеминде төрт-беш ай убакыт кетти. sanjyra.kg домени бош болбогондуктан sanjyra.net доменин тандап алуга туура келди. 2018-жылы 25-февраль күнү иштеп баштады.
Уулум окуусун бүтөөрдө мугалимдери сайтты жактырып, дипломдук ишине ушул эле сайтты жакшылап иштеп чыгышын тапшырышты. Ошентип жакшыртылган экинчи версиясы жарыкка чыкты. Эми санжыранын базасын толуктоо иши жүрүп жатат. Сайт азыркы учурда бир аз чакан болсо да өзүнүн аудиториясын тапты, күнүнө 150 чакты адам кирип карайт, орто эсеп менен ар бири 25-40 барак окуйт. Кыскасы Кыргыз санжырага кызыкпай койбойт экен, "биздин санжырабызды да сайтыңызга жайгаштырып койсоңуз"- деп санжырасын жибергендер күндөн күнгө көбөйүп келе жатат.
    Атамдын кол жазмасынан башталган аракет өсүп отуруп ушундай деңгээлге жетти, мындан ары да улам жакшыртып толуктап, сайтты колдонгон адамдардын батасын алсак деп тилейбиз. Муундан муунга өткөрүп небере-чөбөрөлөрүбүз да токтотпой кыргыз санжырасын сактап, сайтты иштетишет деген үмүттөмүн, Кудай буюрса.

 

Шаршемби уулу Алмазбек

 

3-март. 2021-жыл.


Социалдык тармактарда бөлүшүү