Санжыра

Санжыра арабча “شجرة - шажара” деген сөздөн алынган. Кыргызча мааниси дарак дегенди түшүндүрөт. Уруу, уруктардын дегеле ар бир адамдын ата-теги, алардын жашоо образы жана таралышы жөнүндө орчундуу маалыматтарды камтыган оозеки чыгармачылык катары саналат. Уруу жана уруктардын бир атадан тарагандыгын баяндоо менен жалпы журтту ынтымакка, биримдикке чакыруу санжыранын негизги максаты болуп эсептелет. Ошондой эле санжыра-ны муундар аралык байланышты камсыздаган бир идеологиялык курал катары кароого болот.

Санжыра дегенде элди бөлүп жаруу, майдалап бөлүү деген түшүктөр да кездешет. Мындай маани жөн жерден келип чыккан жок. Санжыраны саясий идеологиялык курал катары уруктар, уруулар жана улуттар арасында өз ара келишпестиктерди жаратуу максатында чагымчылыкка колдонуунун натыйжасында келип чыккандыгын баамдоого болот.

Санжыра ата-бабалардан ушул күндөргө чейин муундан-муунга, ооздон-оозго өтүп келген. Санжыраны аңдап билүү аркылуу ар бир адам жөн гана ата-тегинин ким экендигин үйрөнбөстөн, өз элинин тарыхын, турмуш тажрыйбасын үйрөнүү менен өз жашоосун жана урпактарынын жашоосун белгилүү бир нукка сала алат. Ата-бабаларынын көрсөткөн эрдиктерин, калкы үчүн кылган кызматтарын баамдоо менен инсанда патриоттук сезимдер пайда болот жана бекемделет. Бирок, патриот болуу менен жеке бир уруктун, бир уруунун же бир улуттун кызыкчылыгын коргоо жана ишке ашыруу туура эмес. Себеби, санжыра жеке эле бир урууга же бир улутка гана таандык деп эсептеген күндө да ар кайсы улуттардын санжыраларын бир арага топтоо менен булардын арасындагы байланышты көрүүгө болот. Мунун себеби жалпы адамзат бир атадан жана бир энеден таралган. Ал Адам Ата менен Обо Эне. Бул акыйкат чындык. Демек, бүтүндөй жер жүзүндөгү адамдар өңү-түсүнө, тилине жана башка өзгөчөлүктөрүнө жараша айырмаланып турса дагы баардыгы бир тууган. Бир адам башка адамдан, бир улут башка улуттан үстөмдүү эмес.

Санжыра ата-бабалардан азыркы муунга калган улуу мурас. Бул мурасты туура сактоо, өздөштүрүү жана келечек урпактарга жеткирүү ар бир муундун милдети катары каралат. Ар бир заманда сөзгө чечен, куйма кулак чыгаан санжырачылар эл арасынан чыккан. Жана журт тарыхын, салтын, эрдиктерин жана журт сыймыктары жөнүндө сөз менен кулакка уюштуруп, куюлуштуруп айтышкан.

Кыргыздардан башка улуттарда дагы «шежере», «шежире» жана башка ушул сыяктуу аталыштар менен айтылган ар бир улутка, коомго таандык санжыралар айтылып келет. Бардык санжыралар уламыштык, мифтик көз-караштарды дагы өзүнө камтыгандыгы менен улуттардын дагы бир атадан таралгандыгы жөнүндө маалыматтар кездешет.


Социалдык тармактарда бөлүшүү