Байтору уулу Айтмамбет
Уруусу:
Моңолдор
Энеси:
Канымжан
Маалымат:

АЙТМАМБЕТ УСТА

Айтмамбет уста кыргыздын моңолдор уруусунан чыгып, Ысык-Көл менен Ак-Шыйрактын ортосундагы Көлдун сырты деп аталган тоо арасын жердеген. Кыргыз элинин колдонмо искусствосунун өнүгүшүнө арналган эмгктерде Айтмамбет устанын көркөм кол өнөрүнүн устачылыкка байланыштуу ар тармактын өтө чеберчилик менен өнүктүргөнү үзүл-кесил эскерилип келген. Ж. Апасов бул эмгегинде Айтмамбеттин устачылык өнөрүнүн негизинен үч багытта өнүккөндүгүн баяндайт. Айтмамбет уста элибиздин көркөм өнөрүнүн туу чокусу болгон элдик музыканы баалай билген. Ушуга байланыштуу устанын ишмердигинин биринчи багыты кыргыз элинин музыкалык аспаптарын жасоо багытында өнүккөн. Айтмамбет өрүктөн, карагайдан, арчадан, талдан комуз жасоодо, бул байыркы элдик аспаптын башын, тулкусун, чарасын, капкагын, тепкегин, кулактарын даярдоодо, ага тага турган кылды эликтин же койдун ичегисинен сыдырып, ийрүүдө өзгөчө чеберчиликти көрсөткөндүгү эл оозунда уламыш катары айтылып калган. Улуу ойчул акын Арстанбек Буйлаш уулунун өмүрү менен чыгармачылыгына арналган «Арстанбек» аттуу китепте Айтмамбет устанын комуз жасоодогу чеберчилиги эскерилет. Китептеги маалымат боюнча Айтмамбет менен Буйлаш бий бирин-бири сыйлаган, достук мамиледеги адамдар болгон. Уулу Арстанбектин бала кезинде эле ырчыларга, комузчуларга ынак болуп чоңоюп келатканын байкаган Буйлаш бий бир күнү Айтмамбет устага баласы Арстанбекке комуз жасап берүүсүн өтүнүп кайрылат. Ошондо уста Буйлаштын кең өргөсүнүн төрт тарабынан атайын ырымдап, төрт уукту чыгарып алып кетип, ошол ууктарды текенин мүйүзүн эритүү менен бири-бирине кынап чаптап андан турнабайдай суурулма комуз жасаган экен. Устанын бул комузу добуштуулугу, көркөмү жагынан өзгөчө болуп, жаш Арстанбектин комузчулук талантынын калыптанып өнүгүшүнө өбөлгө болгон. Элдин эскерүүсү боюнча Арстанбек Айтмамбет уста жасап берген комуз менен эки жүзгө жакын күүлөрдү жараткан экен. Айтмамбет уста комуздан тышкары кыл кыяк, ооз комуз, чоор, керней, сурнай өңдүү толуп жаткан элдик музыкалык аспаптарды өтө чоң чеберчилик менен жасаганы айтылып келет. Ж. Апазовдун китебинде Айтмамбеттин устачылык өнөрүнүн экинчи багыты – ат жабдыктарын жасоодо өзгөчө өнүккөндүгү баяндалат. Көчмөн турмушта жашаган кыргыз эли жылкы жаныбарын аздектеп бакан. Ата-бабаларыбыз «ат адамдын канаты» дешип, ат жабдыктарына да өзгөчө көңүл бурган. Ат жабдыктарын жасоодо Айтмамбет уста биринчи кезекте анын пайдаланууга ыңгайлуулугуна көңүл бурган. Устанын бул багыттагы ишмердиги жалаң эле турмуштук зарылчылыкка шартталбастан, элдин сулуулукка, кооздукка, өнөргө умтулуусун эске алуу менен өркүндөгөндүгү китепте далилдүү баяндалат. Ушуга байланыштуу Айтмамбет уста ат жабдыктарынын кайталангыс өзгөчө түрлөрүн жараткан.

Социалдык тармактарда бөлүшүү