Ысым Кездешүү саны Аныктама
Максат471

МАКСАТ. 1. Бала көрбөй жүрүп балалуу болгондор (перзенттүү болуп максатыбызга жеттик, балабыз токтоп калсын деп); 2. Көп кыз (мисалы, бир үй-бүлөдө бир эне үч, төрт, беш кыз) катар төрөп, анан уулдуу болушса (бизди кудай максатыбызга жеткирди деп); 3. Балабыз эңсеген тилегине жетип, максаттуу, таалайлуу адамдардын болсун деп; 4. Төрөлгөн бала жүргөн жөн эле бир жаны бар караан-сөлөкөт эмес, максаттуу болсун деп; 5. Турмушка илгери үмүт (оптимизм) менен караган адам болуп, жашоосу ар качандан бир качан келечектүү болуп, жаш кезинен (эс тарткандан көзү өткөнгө чейин) максат менен жашасын деп; 6. Ата-энеси кандайдыр бир жакшы санаган оюна жеткенде, тилектери ишке ашканда - ошол учурду белгилөө үчүн; 7. Ата-энеси (же алардын бирөө) улгайып бара жатканда (айрыкча, 50-60-70 жаштардын айланасында) балалуу болушса: эми ушул туягыбызда (анын жашоосунда) биздин максат-үмүттөрүбүз уланат деген ой менен коюлат.

    Көп кездешкен ысымдар
  • 350 Бактыбек
  • 346 Каныбек
  • 332 Болот
  • 329 Марат
  • 324 Майрамбек
  • 309 Канат
  • 308 Кубан
  • 305 Өмүрбек
  • 305 Ислам
  • 302 Данияр
* Статистикалык маалымат биздин базага гана тийиштүү