| Ысым | Кездешүү саны | Аныктама |
|---|---|---|
| Максат | 472 | МАКСАТ. 1. Бала көрбөй жүрүп балалуу болгондор (перзенттүү болуп максатыбызга жеттик, балабыз токтоп калсын деп); 2. Көп кыз (мисалы, бир үй-бүлөдө бир эне үч, төрт, беш кыз) катар төрөп, анан уулдуу болушса (бизди кудай максатыбызга жеткирди деп); 3. Балабыз эңсеген тилегине жетип, максаттуу, таалайлуу адамдардын болсун деп; 4. Төрөлгөн бала жүргөн жөн эле бир жаны бар караан-сөлөкөт эмес, максаттуу болсун деп; 5. Турмушка илгери үмүт (оптимизм) менен караган адам болуп, жашоосу ар качандан бир качан келечектүү болуп, жаш кезинен (эс тарткандан көзү өткөнгө чейин) максат менен жашасын деп; 6. Ата-энеси кандайдыр бир жакшы санаган оюна жеткенде, тилектери ишке ашканда - ошол учурду белгилөө үчүн; 7. Ата-энеси (же алардын бирөө) улгайып бара жатканда (айрыкча, 50-60-70 жаштардын айланасында) балалуу болушса: эми ушул туягыбызда (анын жашоосунда) биздин максат-үмүттөрүбүз уланат деген ой менен коюлат. |
-
Көп кездешкен ысымдар
- 257 Бакытбек
- 253 Таалай
- 253 Мурат
- 253 Мирбек
- 252 Эрмек
- 247 Самат
- 246 Умар
- 240 Болотбек
- 238 Асанбек
- 231 Чыңгыз