Ысым Кездешүү саны Аныктама
Нурлан669

НУРЛАН. Бул антропоним жөнөкөй энчилүү адам аты катарында 
белгилүү болгону менен, түпкүлүгүндө төмөнкү үч бөлүктөн турат: нур 
(“нур, жарык, шоола”) + = дуу (=луу - көптүктү, молдукту, арбындыкты 
билдирүүчү мүчө) + улан (“бала, боз бала, жаш жигит”) деген 
бөлүктөрдөн турат. Чыгыш теги боюнча кийинки улан деген компоненти 
байыркы түрк тилдериндеги оглан сөзүнүн жаңы варианты болуп саналат. 
Бул ысым эркек балдарга нурданып, ажарланып, көзгө сүйкүмдүү учурап, 
жылдызы ысык болуп турсун деген тилекте коюлат. Кыз балдарга 
Нурлана деп өзгөртүп койсо болот.
Аталган ысым кыргыздар менен казактарга 50-жылдардан баштап 
кеңири тараган. Бүгүнкү күндө эркек балдарга Кыргызстандын бардык 
жеринде активдүү ат катары берилип келе жатат.

    Көп кездешкен ысымдар
  • 156 Бекболот
  • 154 Бакай
  • 154 Актан
  • 154 Нурислам
  • 154 Арген
  • 153 Калыбек
  • 153 Канатбек
  • 152 Бекжан
  • 152 Алишер
* Статистикалык маалымат биздин базага гана тийиштүү