Долон бий
Маалымат:

Долон бий – кыргыздардын санжыралык-генеологиялык маалыматтарында айтылган түпкү атасы. Ферганалык молдо Сейф Ад-Дин Аксыкентинин 16-кылымга таандык тажик тилиндеги "Мажму ат-таварих" ("Тарыхтар жыйнагы") аттуу кол жазмасында Долон бий менен кошо анын жети атасы Аналхак, Арслан бий, Мары бий, Шүкүр бий, Сангин бий, Сары бий, Домбур (Домбул) бийлердин ысымдары сакталып калган. Башка тарыхый-генеологиялык уламыштарда Долон бий тууралуу кыскача гана маалыматтар айтылат. Анда Долон бийдин Ак уул жана Куу уул аттуу балдары болуп, алардан тараган тукум кыргыздын оң жана сол деген эки канатын түзүшкөн. Санжыранын соңку варианттарында Долон бийдин сөөгү Борбордук Ала-Тоого коюлуп, анын ысмынан ашуунун аты аталып калганы эскерилет. 16-кылымдын тарыхый дареги "Тарих-и Рашидиде" Долон топонимикалык аталыш катары ошол эле аймакта жайгашкан.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү