Сарыбагыш уулу Орозбакты
Уруусу:
Бугу
Маалымат:
Бугу уруусунун санжырасы боюнча Кылжырдын (Сарыбагыш) Орозбакты уулунун Карамырза, Асанмырза, Токочмырза, Арык жана Мырзакул деген беш уулу болгон.
Булардын ичинен негизинен Арыктын жана Мырзакулдун тукуму көп болуп, уруунун басымдуу көпчүлүгүн түзөт.
Калган үч уулдун тукумдары жокко эсе болот. Арык тукуму жалпы жонунан Жоотатыр, Балтатыр деп экиге бөлүнөт.
Жоотатыр бутагы сокур, сабатар, сейитказы, байым жана башка, балтатыр бутагы ондон, эгизей, саргалдак, итимбоку жана башка уруктарга тарайт.
Мындан тышкары арык тукумуна сарыкалпак, торок, отузуул, кызылсакал, сарыкалмак жана башка майда уруктар киришет.
Мырзакулдун Алсейит, Тынымсейит деген эки уулунун улуусу Алсейиттин эки аялы болгон.
Биринчи аялы Токтобектен Ардам (боор) уругу, экинчи аялы Бугу-энеден Жамангул, Бапа жана бакма баласы Туума-кашкадан желдең уруктары ажырайт.
Тынымсейит кабели, шалтак, мортук деп үч бутакка ажырап, ар бири бир канча майда уруктардан турат.
Бугу уруусунун өкүлдөрү жайгашкан аймактарга Ысык-Көл облусунун Түп, Жети-Өгүз, Ак-Суу жана Тоң райондорунун, Нарын облусунун Нарын районун аймактары жана Ак-талаа районунун көпчүлүк бөлүгү кирет.
Социалдык тармактарда бөлүшүү