Ниязбек уулу Ормон
Уруусу:
Сарыбагыш
Маалымат:
Ормон

Ормон Ниязбек уулу (1792-1854).

Түптүү бий тукуму. Оң канаттагы сарыбагыш уруусунан. Бабасы Манап бийдин аты кыргыз ичинде ак-сөөктүктү туйундурган энчи атка айланып калган. 4- атасы Маматкул бий кыргыздардын жогорку бийи болуп “ жогорку бий” чениндеги адам экендигин кытайлыктар 1758 жылы Кыргызстанга келишкенде жазып кетишкен. Чоң атасы Эсенкул бий дагы оң менен солго бийлиги өткөн, өз заманын көрүнүктүү саясатчыларынан болгон. Анын демилгеси менен азыркы Чүй, Талас өрөөндөрүн кыргыз уруулары туруктуу жайлашып, Ата Конушту сактап калуунун эң негизги шарты түзүлгөн. Өз атасы – Ниязбек. "Ниязбектин сегиз бек, телегейи тегиз бек, теменеси болот бек" аталышкан. Демек 8 бир тууган болушкан.

Ормондун хан көтөрүлүшү Ормон хандын хан көтөрүлүшүнө анын ата-бабаларынын эл үчүн кылган иштери, алардын атак даңкы, эрдиктери чоң салым кошкон. Ормондун хандыкка көтөрүлүшү 1842-ж. (кээ бир учурда андан алда канча эрте убакытты айтышат - 1825) Көтмалдыда өткөн оң менен солдун тобунда болгон.

Ормон, өнүгүү үчүн кыргыз биригип, бир адамды бий шайлап, ага баш ийүү замандын шарты болуп тургандыгын айтып, сырткы душмандарды айтып, бий көтөрүү демилгесин сунуштаган.Чогулган жалпы бийлер ылайык көрүп Ормонду бий көтөрүшкөн.

Ормондун хан көтөрүлүшүнүн 1825-жылга орун алгандыгы жөнүндө Б. Солтоноев жана С. Абрамзон кабар беришет. Бул окуянын 1825 туура келиши тарыхый шарттарга көбүрөөк туура келет деген пикирлер да бар. Анткени, жамы кыргыз биригип жогорку бий көтөрүшү Кокон хандыгы түндүк Кыргызстанга өз бийлик үстөмдүгүн орнотконго чейин мүмкүн боло ала турган орчундуу саясый окуя эле. Бирок 1842-жылы, элүү жашында хан болгону тууралуу жоромол да чындыкка жакын.

Ормонду бий көтөргөн курултайга кыргыздын ири урууларынын өкүлдөрү: сарыбагыштан Жантай, Төрөгелди, Адыл, Түлөберди, Калпак баатырлар; бугудан Боромбай, Балбай баатыр, Өмүр баатыр, Муратаалы; солтодон Жангарач, Тынаалы, Төкөлдөш, Жетикашка, Чыңгыш, Күрпүк; саяктан Алыбек, Черикчи, Качыке; саруудан Ажыбек датка, чериктен Ажыбек баатыр; азык, кушчудан Бүргө баатыр ж. б. уруулардын билерман бийлери келген болчу.

Келген элге тогуз ак боз бээ союлуп, Ормон көчмөндөрдүн эзелки каада-салты боюнча ак кийизге отургузулуп, хан көтөрүлөт.

Жогорку бий белгиси катарында ага кызыл тебетей кийгизишет. Кээ бир маалыматтарга ылайык бул курултайга Кокон хандыгын өкүлдөрү жана түштүк кыргыздарын бийлеп турган адигине уруусунун бийи Алымбек датка дагы катышкан.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү