Жантай уулу Шабдан
Уруусу:
Сарыбагыш
Маалымат:
Шабдан

Шабдан Жантай уулу (1839, Чүй өрөөнү, Көк-Жар жайлоосу, азыркы Чүй ооданы Он бир жылга айыл өкмөтү - 1912) - Чүй, Кемин өрөөнүндө жашаган сарыбагыш уруусунун тынай уругунан чыккан манап, саясий, коомдук ишмер. Жантай Карабектин уулу. Жаш кезинен эле саясий турмушка аралашкан.

1860-жылдын акырында Кокон хандыгынын колбашчысы Канат шаага кошулуп, Ташкенге барган. Узун-Агачтын жанындагы орус аскерлерине каршы урушка катышкан. Ташкен шаарын коргоодо көрсөткөн каармандыгы үчүн Кудаяр хан аны Түркстан шаарынын беги кылып дайындаган. Бирок анда иштебей, атасынын таасири менен орустарга өтүп, өмүрүнүн аягына чейин ак падышага кызмат өтегөн. Ал Токмоктогу уезддин начальниги жана Жети-Су аскер губернатору менен тыгыз байланышта болгон.

1868-ж. орус букаралыгына өтүүгө каршы чыккан саяк уруусунун манабы Осмондун котөрүлүшүн басууга катышкан.

1876-77-ж. генерал Скобелевдин алайлык кыргыздарды Орусиянын карамагына өткөрүү ишине көмөк көрсөткөн.

1878-ж. жигитттери менен Ат-Башынын түштүгүндө орустардын чалгындоо отрядын коштоп жүргөн.

1883-ж. ал падыша Александр ІІІнүн тактыга отуруу аземине катышып, аскер старшинасы наамын алган, алтын саат менен сыйланган.

1884-ж. ага жылына берилүүчү 300 сом пенсия чектелген. 1909-ж. Чоң-Кеминде жаңы усулда сабак өткөрүүчү медресе салдырган. 65 жашында ажыга - Меккеге барган. Шабдандын өмүр баяны, ишмердиги Осмонаалы Сыдык уулунун «Тарых-и кыргыз шадманийа» аттуу 1914-ж. Уфадан басылып чыккан эмгегинде жазылган. Эстелиги Бишкек шаарында жана Кемин шаарчасына орнотулган.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү