Сыдык уулу Абдыкерим
Уруусу:
Солто
Маалымат:
Абдыкерим

Абдыкерим Сыдыков 1889-жылы Кыргызстандын азыркы Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Баш-Кара-Суу айылында солто уруусунан ири манаптын үй бүлөсүндө туулган. А. Сыдыковдун чоң аталары Чүй өрөөнүнүн белгилүү манаптарынан болгон. Чоң атасы Өзүбек Пишпек уездинин Талкан болуштугун көп жылдар башкарып, таасирдүү адамдардан болгон. Өз атасы Сыдык да Талкан болуштугун башкарып кийин Пригородный болуштугунда бий болуп шайланган. Абдыкерим алгач өзүнүн чоң атасы салдырган мусулман мектебинде окуп, ал жерден арабча кат тааныган. 1904-1911-жж Верный шаарындагы (азыркы Алмата) гимназияда билим алган. Мындай гимназия ошол мезгилде Орто Азияда эки жерде, Ташкентте жана Верныйда болгон. Ал жерде окутуу орус тилинде болуп, немис, француз, латын тилдерин, математика, тарых, география сабактары окутулган. 1911-жылы Абдыкерим гимназияны аяктап, окуусун улантуу үчүн Казан университетинин ветеринария факультетине тапшырган. Бирок, ал жакта аба ырайы ден соолугуна тескери таасирин тийгизип, университетти бүтпөй калган. Ал жактан келгенден кийин А.Сыдыков 1913-1916- жылдары Нарын жана Каракол уездерине мектеп ачкан жана ал мектептерде өзү мугалим болуп иштеген. Ушул эле жылдары ал Пишпек уезддик башкармалыгында катчы жана тилмеч болуп иштеген. 1914 - жылы декабрда Оруссияда Романовдор династиясынын 300 жылдыгына арналган юбилейлик медаль менен сыйланган.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү