Жанузак уулу Төрөкул
Уруусу:
Солто
Маалымат:
Төрөкул

Жанузаков Төрөкул — (1893, Орусия империясы, Сыр-Дарыя облусу, Аулие-Ата уезди, Талдыбулак аулу — 1921, Орусия СФСРи, Түркстан АССРи, Фергана облусу) — мамлекеттик жана коомдук ишмер; кыргыздардан чыккан алгачкы чекист. 1920-ж. Түркстан АССР Борбордук Аткаруу Комитетинин төрагасынын орун басары болгон. Меркедеги (Казакстан) орус-жергиликтүү мектебин аяктап, 1909-жылдан Түркстан генерал-губернаторуна жеке жардамчы жана котормочу болуп иштеген.

Жанузаков кыргыздардын ичинен биринчи болуп Россиянын мамлекеттик думасына депутаттыкка талапкер болгон. Совет бийлиги орногондо, эркиндикти, элдик бийликти колдоп, Түркстан Аткомунун 1916-жылкы көтөрүлүштөгү качкындардын иши боюнча комиссиясына төрагалык кылган. Совет бийлиги качкын кыргыздардын калгандарын мекенине көчүрүп келүүгө, жардам берүү үчүн Батыш Кытайга атайын комиссия жөнөткөн. Бул комиссия Түркстан Советтик Республикасынын Советтеринин Борбордук Аткаруу Комитетинин 1920-ж. 3-февралдагы чечими менен түзүлгөн. Бул комиссияны кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Төрөкул Жанузаков жетектеген. Комиссияга качкын кыргыздарды мекенине кайтаруу, жерлерин кайтарып берүү, аларга зомбулук көрсөтүүнү токтотуу кулдукка сатылып кеткендерин куткаруу, материалдык жардам берүү жана орустар менен кыргыздардын касташуусун токтотуу милдеттери жүктөлгөн. 1920-ж. сентябрь айында Түркстан элинин делегациясын жетектеп, Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин I-конгрессинде доклад окуп, С. Орджоникидзе, С. Киров менен чогуу Г. Зиновьев башында турган Чыгыш иштери боюнча Үгүт кеңешинин мүчөлүгүнө шайланган. Саясий көз карашы боюнча Т. Рыскуловду колдоп, аны менен бирдикте Россиянын курамында өзүнчө Түркстан Республикасын түзүүнү сунуш кылган. 1921-ж. сентябрда Самаркандда өткөн Түркстан улуттук биримдигинин VI-конгрессине катышкан. Ушул конгресстен кийин Жанузаков совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каранды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бийликтен кол үзүп совет бийлигине каршы отряддарды уюштурган.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү