Акай уулу Аскар
Уруусу:
Сарыбагыш
Энеси:
Асел
Кыздары:
Бермет Саадат
Маалымат:
Аскар

Аскар Акаевич Акаев (Жетинин айынын (ноябрдын) 10унда, 1944-жылы, Чуй облусунун Кемин районундагы Кызыл-Байрак айылында туулган) - кыргыз мамлекеттик жана саясат ишмери, илимпоз. 1990-2005 - Кыргыз Республикасынын (1990-жылдын ноябрына чейин Кыргыз ССРдин) президенти. Орусыя Илимдер Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү; Нү-Йорк Илимий Академиянын мүчөсү.
1944-жылы Жетинин айынын (ноябрдын) 10унда мурдагы Кыргыз ССРинин Кемин өрөөнүндөгү Кызыл-Байрак айылында (азыркы Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Кемин районунун Кызыл-Байрак айылында) туулган.
1968-жылы - Ленинград Так Механика жана Оптика Институтун ардактуу бүтүп аспирантурага тапшырды.
1980-жылы - Мөскөө Инженер-Физика Институтунда доктор диссертациасын жактады.
1984-жылы - Кыргызстандын Илимий Академиясын мүчө-корреспонденты болуп шайланылды. Ошол эле жылы Кыргыз ССРдин Илимий Академиясынын академиги болот. Аскар Акаев - профессор, Орусыя Илимий Академиясынын ардактуу доктор жана чет өлкөлүк мүчөсү. 7 ойлоп чыгаруусунун, 43 макаланын, 150 чамалуу илимий иштердин ээси. 20 талапкер жана 3 илимий докторлорду даярдаган. Анын 7 окуучусу бир канча премиялардын лауреаттары болуп калышкан. Голография тармагындагы эң зор адистердин биринин, Юрий Денисюктун, пикири боюнча - Аскар Акаев "эки тармактын аштышкан жеринде (оптика жана компьютер технология), өз заманын алдыга кетип, укмуш натыйжаларга жетише алды".
1990-жылы Тогуздун айынын (октябрь) 27си - Кыргыз ССРинин президенти болуп шайланды.
1991-жылы Тогуздун айында (шайлоо учурунда) жана 1994-жылы (референдумда) - президенттик укуктары ырасталган.
1995-жылы Бештин айынын (декабрь) 24 - президенттин экинчи мөөнөтүнө шайланылган. Шайлоочулардын 70 пайыздан жогору колдошту.
2005-жылы Жалган курандын айынын (март) 24 - элдик толкундоолор ыңкылапка өсүп жетип, анын натыйжасында ал Кыргызстандан качып чыгууга аргасыз болду.
2005-жылы Чын курандын айынын (апрелдин) 5 - өзүнүн президенттик кызматтан кеткени тууралуу ырасмий арыз жазды.
2005-жылы Чын курандын айынын (апрель) 11 - Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңеши президенттин алып таштоосун мыйзам түрүндө кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын ТИМдин (тышкы иштердин министирлигинин) маалыматтары боюнча Аскар Акаев ММУда (Мөскөө Мамлекеттик Университетинде) кыйын системалардын математика изилдөө, И.Р.Пригожин атындагы, Институтунун башкы илимий эмгектеш катары профессор болуп иштеп жүрөт.
2006-жылы Бугу айы - маалыматты оптикалык жолу менен иштеп чыгуу тармагындагы көрүнүктү изилдөөлөр үчүн Орусыя Илимий Академиясынын чет өлкөлүк мүчөсү катары шайланылды.
2009-жылы - "Дүйнөлүк динамикасын системалык анализи жана математикалык модельдөө" програмасынын Орусыя Илимий Академиясынын президиумунун координатору.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү