Адыл уулу Суранчы
Уруусу:
Сарыбагыш
Маалымат:

Адыл баатыр баяны

Жоокерчилик заманга жараша сырттан басып кирген жоого дайыма даяр турушкан. Жоодон малды-жанды, бей-бечараларды коргоп эр жүрөк азаматтар чыгышкан. Мына ушундай мыкты азаматтардын бири айтылуу Адыл баатыр болгон. Ал кишини эл «Ала Тоонун арстаны» деп аташкан. Жоо менен беттешкенде байыркы ата расмиси боюнча «Жеке!» деген бир гана сөз эки тарапта тургандарды тизгин тарттырып аламан ат коюyсун токтоткон. Эки жактан эки баатыр беттешип, бирөөнүн өлүмү менен аяктайт. Тобокел! Эрөөлгө чыккан баатыр өмүр эмес, өлүмгө чыгат. Адыл баатыр жекеге көп чыккан экен. Айрым уламачы, санжырачылардын айтымына караганда Адыл 1826-жылы төрөлгөн дешет. Жаш кезинен баштап эле Төрөгелди менен бирге жортуулга чыгып жүргөн дешет.
Социалдык тармактарда бөлүшүү