Көкө-Наалы уулу Моңолдор
Уруусу:
Моңолдор
Маалымат:

Моңолдор уруусунун келип чыгышы боюнча кыргызча алгачкы тарых-санжыра китептин автору Осмоналы Сыдык уулунун жазганы:
"Моңолдор деген сөздүн ичинде "О" арибин "Алифке" айландырып, "мангол" деп жазылып кетти. Жөнөкөй элдин тилинде кыскарып, "моңолдор" деп кетти... Илгери Көкө, Тахир деген эки уул Туркестандын Ак-Дөбө деген жеринен качып келди. Алардын атасы Кылыч хан деген болуптур. Ал кезде Адигине , Тагай Оштун үстү жагындагы Керме-Тоо, Сары-Белде турушкан. Хандын баласы болгон үчүн Көкөнү Адигине, Тагай Наал деген эжесине үйлөнтөт. Тахир Көкөгө таарынса керек, Жалайыр деген казак ичине барып турду. Наал эже дагы бир бала төрөгөн эле. Атын Муңулуулдур койду. Могул (Монголдор) ушундан".

Социалдык тармактарда бөлүшүү