- Уруусу:
- Азык
- Энеси:
- Сайраке
- Маалымат:
-
Аскар Мааткабылович Салымбеков 1955-жылы 5-февралда Кыргызстандын Нарын облусуна караштуу Ат-Башы районунун борбору Ат-Башы айлында жарык дүйнөгө келген.
Атасы Мааткабыл Ат-Башы районунун Кошой айылынан, энеси Сайраке аталган райондун Кара-Булуң айылынан чыккан.
1977-жылы КМУнун тарых факультетин, 1990-жылы экономика факультетин бүткөн.
Кыргыз дене тарбия институтунда комсомол комитетинин катчысы, 1981-86-жж. Кыргызстандын ЛКЖС БКнын жаштар жана жаш адистер бөлүмүнүн башчысы, 1986-1991-ж Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин төрагасы, 1991-1993-ж Бишкек шаараткомунун базарлар башкармасынын начальниги.
1993-1999-ж "Дордой" Ассоциациясынын Президенти.
1999-2005-ж Нарын] облусттук мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор кызматын аркалаган.
2005-ж. баштап Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 3-жана 4-чакырылыштарынын депутаты,ошол эле учурда 2005-жылы Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткарган.
Ишкер-бизнесмен.
Кыргызстанда көркөм өнөр, маданият, спортту ар тараптан өнүктүрүү үчүн ар кыл долбоорлорду каржылык жактан ырааттуу колдогон инсан.
Коомдук ишмердүүлүгү
"Дордой" Ассоциациясынын ардактуу президенти.
Кыргыз Республикасынын "Көк-бөрү" Федерациясынын ардактуу президенти.
Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин мүчөсү.
2006-жылдан бери Кыргызстандын базарлар, соода ишканалары жана тейлөө тармагынын Ассоциациясынын төрагасы.
Наамдары. Сыйлыктары.
"Эмгек каармандыгы үчүн","Даңк" медалдары,орус академик В.Леонтьев атындагы алтын медалы,Россия Федерациясынын"За заслуги перед Родиной и Отечеством", "Петр Великий" ордендери , Кыргыз ССРнин Жогорку Советинин Ардак грамотасы менен сыйланган."Руханият" эл аралык сыйлыгынын ээси.
- Социалдык тармактарда бөлүшүү