Сыдыкбек уулу Түгөлбай
Уруусу:
Саяк
Энеси:
Айымкан
Кыздары:
Динара
Маалымат:
Түгөлбай

Түгөлбай Сыдыкбеков

Жазуучу Түгөлбай Сыдыкбеков 1912-жылы Кыргызстандын азыркы Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Кең-Суу айылында туулган.

Кийинчерээк өзүнүн мектепке бара элек кызы Динарага 15-апрелден 15-майга чейинки күндөрдү жазган кагаз тилкелеринин бирин суурдуртуп, ага негизденип, 14-май күнүн өзүнүн туулган күнү катары шарттуу түрдө тандап алган.

1928–1931-жж. Фрунзе шаарындагы (азыркы Бишкек шаарындагы) айыл чарба техникумунда, 1931-жылы Ашхабад шаарындагы Орто Азия зооветеринардык институтунда окуган.

1931–1936-жж. «Ленинчил жаш» гезитинде бөлүм башчы, 1937–1947-жж. Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин башкармалыгында адабий кеңешчи, 1949–1951-жж. Кыргызмамбаста редактор болгон.

1970-80-жж. ортосунда Түгөлбай Сыдыкбеков "улутчул жазуучу" катары бейрасмий түрдө обо чогултулган, бирок анын бир кезде Сталиндик сыйлыкка ээ болгону гана аны толук куугунтуктоого жергиликтүү бийликтерге мүмкүндүк берген эмес.

Кыргыз тарыхын калыс иликтөөгө, кыргыз тилин ички сөз кампасына ылайык байытууга замандаштарын үндөгөн. Расмий бийликтерди бул жааттагы өксүктөрү үчүн тайманбастан ачык сындаган. Ошондуктан аны совет доорундагы кыргыз диссиденти катары таанышат.

Кыргыз адабиятына жана маданиятына 70 жылга жакын ак кызмат кылган, элдик тилдин жана нарк-насилдин нускалуу билерманы Т.Сыдыкбеков 1997-жылы 19-июлда Бишкек шаарында каза болду. Анын сөөгүн эл зор урмат, ызат менен узатты.

Социалдык тармактарда бөлүшүү