Каба уулу Кожомкул
Уруусу:
Саяк
Энеси:
Алмадай
Кыздары:
Нуржамал
Маалымат:
Кожомкул

Кожомкул Каба уулу (1888-1955) кыргыз, казак элине атагы чыккан балбан. 47 жашында салмагы 165 кг, боюнун узундугу 2 м 36 см, манжаларынын узундугу 25 см, баш бармагынын диаметри 4 см болгон. 52өлчөмдөгү өтүк кийген. Күчкө толуп турган убагында салмагы 400 кг чамалуу өгүздү жаракадан сууруп чыккан. Элге “Кожомкулдун ташы” деген ат менен белгилүү таштын салмагы 635 кг, аны Суусамыр өрөөнүндөгү Арамза төрүнөн 100 метрдей аралыкка көтөрүп барып, жерге күч менен уруп киргизген. Төө-Ашуудан атын өзү көтөрүп өткөнү, лом темирди ийип, ат таканы колу менен кысып сындырганы эл ичинде аңыз катары айтылат. Кыргыз Республикасынын күрөш федерациясы 1962ж. эркин күрөш боюнча Каба уулу Кожомкул атындагы байге белгилеген. Ал мелдеш жыл сайын өткөрүлөт. 1 чемпиону — күрөш боюнча СССР спортунун 1 чебери, самбо күрөшү боюнча 1 чемпион болгон, спорттун эл аралык класстагы чебери, эл аралык категориядагы машыктыргыч Бараканов Кары.

Социалдык тармактарда бөлүшүү