Жакыпбек уулу Боогачы
Уруусу:
Моңолдор
Маалымат:
Боогачы

Боогачы Жакыпбек уулу - Ат-Башы районундагы Ак-Муз айылында (илгеркиче Шаркыратма болушунда) 1866-жылы, кышкы чилдеде боз үйдө туулуптур. Карача деген аксакал атын койгон экен. Энеси Таштанбүбү көз жумганда Боогачы тогуз жашар болот. Эки-үч жыл өткөндөн кийин атасы Өзгөн тарапка узакка жолоочулап кетип, келгенде сураптыр:
- Каралдым, мен жокто сени эч ким кордогон жокпу?
Боогачы ыр менен жооп кайтарат:

Алтындан топчу бүчүмдө,
Апамдан калдым кичимде.
Айкана таздан таяк жеп,
Азабы менин ичимде.
Күмүштөн топчу бүчүмдө
Күкүктөй калдым кичимде.
Кулканадан таяк жеп,
Күйүтү турат ичимде.


Айкана, Кулкана - Боогачынын өгөй энелери, ушулардын колунда калган. Атасы ырды уккандан кийин, эч нерсе дебей, биртике бүркөлүп туруп, “акыйкат” дептир! Бул - баласына жана ырга ыраазы болгону эле. Эл ичинде Боогачынын атасы Жакыпбекти мыкты киши эле дешет.Жакыпбек бийликте болбосо да, элге кадырлуу, кара сөзгө жүйрүк, ыкчыл, намыскөй, чачылганды кураган киши экен. Бир кездерде чачырап кеткен туугандарын тилге көндүрүп, чоң аракет жасап: Ысык-Көл тараптан, Сары-Өзөн-Чүйдөн, кең Таластан, Жалал-Абад, Өзгөндөн көчүрүп келип, миңге жакын түтүндүн башып курап, өзүнчө “Шаркыратма” болушу делинип аталган. Боогачы атасын тартып тың чыккан дешет. Боогачынын бир тууган Туяна деген эжеси сулуу, мүнөзү жибектей, адамгерчиликтүү, ойду айттырбай билген кыраакы акын болот.
Кийин атасы Жакыпбек дүйнөдөн кайтканда жер алыс болуп кабар жетпей калып, ашында келет. Ошондогу Туянанын кошогу:

Атакем моңолду издеп тынбаган,
Атакем карч уруп жанын кыйнаган.
Атакем оң-солго жетип кабары,
Уккандын баары сыйлаган.


Боогачы 1928-жылы Оренбургга сүргүнгө жазыксыз айдалып, андан соң сүргүндөн элге 1932-жылы келип, Нарында Шаркыратманын оозунда турду. Кийинчерээк Дөбөлүгө көчүп кеткен. Ал ошол жерде, 5-майда 1935-жылы, 69 жашында дүйнөдөн кайткан. Википедиядан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү