Тайчык уулу Көпөш
Уруусу:
Моңолдор
Энеси:
Сүйүмкан
Кыздары:
Гүлмайрам Гүлүкан Гүлай Гүлсайра
Маалымат:
Көпөш

ТАЙЧЫК уулу КӨПӨШ

(1910 - 1982)

Зергер: Нарын өрөөнүндөгү Эки-Нарында төрөлгөн. Атактуу Айтмамбет устанын чөбөрөсү. Чеберчилигин эрте баштап, устачылыкты агасы Осмондон үйрөнгөн. Кийин Нарын районундагы Ленин атындагы колхоздун устаканасын кармаган. Көпөш учурунда күмүш буюмдарынан сырткары кара темирчиликти ийине келтирген. Анын тулга, депкир, кычкач, бычак өңдүү буюмдарынан сырткары каңдаган, чайкаган, жалаткан, кепшерлеген идиш-аяктары айыл ичинде сакталган. Патефон жасаган. Кадимки фанерадан же жыгачтан жонуп, тегиздеп, патефондун сандыгына узанган. Анын пружинасы үчүн чалгынын мизин чыңап, аны ширелте ороп олтуруп, өз ийине келтирген. Көпөш уста темир тегин жана анын ички касиеттерин, баарынан да аларды сугарууну, таптоону, ширетүүнү мыкты билген. «Көпөш устадай темир ооз комуз жасоо чанда гана усталардын колунан келээр эле» - дейт анын шакирти Мамбетов Асанакун. Көпөш кийин жалаң ат жабдыктарын кармаган. Анын шөкөттөрү менен сынпостору экинарындык моңолдор элине гана таандык, өзүнчө түспөлдү түзүп, уста ошол бабаларынын салттуу өнөрүн изден тайбай улаган чебер катары эли-журтуна кеңири таанылган. Ал шөкөттөрүн куйма аркылуу жасаган. Көңгө булгаарыга наар түшүргөн, шири идиштерине чийме-сынпос берген. Мындай касиет Дөөтүнүн кан жолун билдирген.

Амантур АКМАТАЛИЕВ,
«Кыргыздын уз-усталары». (Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы)

Социалдык тармактарда бөлүшүү