Ахматбек уулу Мусакун
Уруусу:
Моңолдор
Энеси:
Ракыя
Маалымат:
Мусакун

Ахматбеков Мусакун – 1947 жылы Нарын облусунун, Нарын районунун Калинин айылында (азыр Орток) туулган. Улуту кыргыз.

  • 1963 жылы  Нарын шаарындагы Токтогул атындагы №1 орто мектепти аяктаган.
  • 1968- жылы К.А. Тимирязов атындагы Москва айыл чарба академиясынын агрономия факультетин бүтүргөн.
  • 1968-1969 жылдары жолдомо менен Карасу айылындагы пахтачылык боюнча тажрыйба-селекциялык станциясында агрохимия лабораториясынын жетекчиси.
  • 1969-1970 жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.  
  • 1970-1972 жылдары Кант – кызылчасы боюнча тажрыйба – селекциялык станцияда улуу илимий кызматкер.
  • 1972-1975 жылдары Кыргыз  айыл –чарба институтунун күндүзгү окуу бөлүмүнүн аспиранты.
  • 1975-1983 жылдары Кыргыз айыл – чарба институтунун агрохимия кафедрасынын ассистенти.  
  • 1980 - жылы аыл чарба илимдеринин кандидаты. Темасы: “Чүй өрөөнүнүн ачык – шалбалуу топурагындагы кант кызылчасынын которуштуруп эгүүдөгү күздүк буудайды азыктандыруу системасы”.
  • 1981- жылы  доцент наамын алган.
  • 1983-1984 агрономия факультетинин деканынын орун басары.
  • 1984-1987 институттун даярдоо бөлүмүнүн башчысы.
  • 1987-1995 агрохимия кафедрасынын башчысы.
  • 1995-1997 кафедранын докторанты.
  • 1997 -2000 доцент кафедры.
  • 2000-2002 агрономия факультетинин деканы
  • 2000 айыл чарба илимдеринин доктору. Темасы: “Кыргызстандын боз – шалбалуу топурагындагы күздүк буудайдын азыктануусун оптималдаштыруу”
  • 2002- жылы профессор наамын алган.
  • 2001-2009 жылы агрохимия кафедрасынын профессору
  • 2009 жылдан бери К.И.Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетинин топурак таануу, агрохимия жана дыйканчылык кафедрасынын башчысы.
  • 2000-2007 Кыргыз Ркспубликасынын Улуттук (азыр жогорку) аттестациялык комиссиясынын эксперти.
  • 2007-2015 Кыргыз Республикасынын жогрку аттестациялык комисиясынын президиумунун мүчөсү.
  • 2017-жылы агрономия адистиги боюнча докторлук (кандидаттык) диссертацияларды жактоо боюнча кеңештин төрагасы.
Социалдык тармактарда бөлүшүү