Токтомамбет уулу Мелис
Уруусу:
Моңолдор
Маалымат:
Мелис

Турганбаев Мелис Токтомамбетович (19. 2. 1962-ж. т., Фрунзе (азыркы Бишкек)) - милициянын генерал-майору (2010).
КМУну (1983), СССР ИИМдин Ленинграддагы жогорку курсун (1986) бүтүргөн.
Кыргыз ССР ИИМдин Кылмыш издөө башкармалыгында бөлүмдүн оперуполномочени (198687), Бишкек шаарынын Свердлов р-ндук ички иштер бөлүмүнүн оперуполномочени (1987-93),
кылмыш издөө бөлүмүнүн начальниш (199396),
ички иштер бөлүмүнүн начальнигинин орун басары (1996-98),
КР ИИМдин кылмыш издөө башкармалыгынын начальнигинин орун басары (1998-2000),
КР ИИМдин кылмышкерлерди издөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары, Оор кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын начальниги (2000-01),
Бишкек шаарынын 1-Май р-дук ички иштер бөлүмүнүн начальниги (2001),
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары (2001-05),
КР ИИМдин Кылмыш издөө башкы башкармалыгынын начальниги (2005),
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальнигинин орун басары (2005-06),
КР ИИМдин Уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкы башкармалыгынын начальниги (2006-08),
КР ички иштер министринин орун басары, Баңги заттарды көзөмөлдөө агенттигинин директору (2008-10),
КР ички иштер министринин 1-орун басары (2010-12),
Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын начальниги (2012-14),
КР ички иштер министри (2014-жылдан).
«Даңк» медалы менен сыйланган.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү