Долон бий уулу Куу уул
Маалымат:

Сол канат – кыргыздардын 15–16-кылымда калыптанган уруулук бирикмесинин жана этносаясий түзүлүшүнүн бир бутагынын аталышы. Ферганалык автор Сайф ад-Дин Аксыкендинин «Тарыхтар жыйнагы» («Мажму ат-таварих») кол жазмасында Сол канатка (Куу уул) басыз, кушчу, мундуз, чоңбагыш, саруу, кытай уруулары киргизилген. Сол канатка ошондой эл жетиген, төбөй уруулары да кирет. Сол канат уруулук бирикмеси (ошондойэле оң канат) 15-кылымдын 2-жарымында кыргыздардын өз алдынча эл катары түзүлүп бүткөндүгүн ырастаган жана алардын этносаясий курамын чагылдырган. 17–18-кылымда оң канат, сол канат уруулары биригип, Тагай деп аталган бир саясий конфедерацияны түзүп турушкан. Мындай бөлүнүү көчмөн түрк-моңгол элдерине мүнөздүү болуп, алардын мамлекеттик түзүлүш белгилерин да билдирген.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү