Кудайменде уулу Нышаа
Уруусу:
Баргы
Маалымат:
Нышаа

Кудайменде уулу Нышаа баатыр 1700-1705 жылдары төрөлгөн. Асылбаш уруусунан болот. Атасы Кудайменде эрте каза болуп, Нышаа атасынын иниси Кенже баатырдын колунда оскон. Кенже баатыр менен Кошой бийдин тарбиясын коргон баатыр ,эрте жетилип калмак менен далай чабышка барат. Кыргыздын колун топтоп Ысык-колдогу калмактын ханын Аккуйрукту чабат. Жетиген элинин баатыры Солтоной менен коп чабышка катышып, бири-бирине коп жолу жардам беришкен. 1758-жылы калмактан кыргыз жерин бошотушуп, андан кийин Кытай императору менен чек ара тактоого кыргыз элчилеринин башында турган. Кытай императору Цянь-Лунь менен болгон жолугушууда кыргыз жери Или дарыясынан Текеске чейин экенин тастыкташкан. Делегациянын башында турганынын себеби, Нышаа кытай тилин жакшы билип,жоокердик заманда коп эрдик корсотуп далай жерди коргондугундо. Император Нышаага 3- даражадагы чин менен кок таш берген. Нышаа 1785- жылдары казактын баатыры Бердикожо баатыр менен болгон согушта каза болгон. Ошондо Нышаа 83 жашта экен. Чуй областынын ак-суу районунда ак-суу суусунун он жагында Нышаа жайлоосу,кокту,суусу бар. Нышаа баатыр жонундо Бала айылчы, Белек Солтоноев, кытайдын архивдеринде жазылган.

Социалдык тармактарда бөлүшүү