Асан бий уулу Алымбек датка
Уруусу:
Баргы
Маалымат:
Алымбек датка

Алымбек Датка Асан бий уулу, Алымбек парваначы (1799–1862) – кыргыз элинен чыккан көрүнүктүү мамлекеттик ишмер. Жыйырма жети жашында Кокон ханы Мадалиге кызмат өтөй баштаган. 31 жашында ага датка наамы ыйгарылган. Ал Кокон хандыгындагы кыргыздардан чыккан (алайлык) эң таасирдүү саясий ишмерлердин, аскер башчылардын бири, парваначы наамын (генералга тете) эң биринчи алган адам. Алымбек 1831 ­ж. Мадали хандан “Алайдын даткасы” наамын алган. Ал өлгөндөн кийин даткалык наам аялы Курманжанга өткөн.
Отуз эки жашында Анжиян вилайэтинин беги болуп дайындалып, Кокон хандыгынын ордосунда таасирдүү рол ойногон.
1842-жылы Шераалыны хан (Шераалы хан) көтөрүүгө жигердүү катышкан. Анжиян вилайетинин борборун Ош шаарына көчүрүп, бул шаардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Балдар үчүн медресе курдурган. 1845-жылдагы ордого каршы Ош көтөрүлүшүн жетектеген.
Хандыктагы саясий жана мамлекеттин 30 жылдык (1831–62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. 1862-жылы 24-февралда Малла ханды өлтүрүү үчүн кутумга (заговорго) катышкан. Тактыга Шераалы хандын он эки жаштагы жеени Шах Мурадды отургузуп, кыска мөөнөт ага аталык болуп турган. Кокон хандыгынын акыйкатсыз, баскынчы саясатын колдогон эмес.
Алымбек Датка кыргыздын түштүк жана түндүк урууларын бириктирүүгө көп аракет жасаган, өз алдынча кыргыз мамлекетин түзүүгө далалаттанган.
Отуз жылдык (1831-62) ишмердигинде журт кызыкчылыгын, эл мүдөөсүн биринчи орунга койгон. Алымбек датка Кокондун 4 ханын көргөн (Мадалы, Шералы, Мала, Шах мурад).

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү