Нургожо уулу Садыр
Уруусу:
Бугу
Кыздары:
Жанайым
Маалымат:
Садыр

Садыр Нургожо уулу Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган.1986- жылы орто мектепти аяктап, ошол эле жылы Фрунзе шаарындагы Дене-тарбия жогорку окуу жайына өткөн. 1987-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1989-жылга чейин Новосибирск шаарында радиотелеграфисттер бөлүмүнүн командири болуп кызмат өтөгөн. «Советтик Армиянын отличниги» деген наам алган. 1989-жылдан 1991-жылга чейин кайрадан Дене тарбия институтунда билим алуусун уланткан. Экинчи жогорку билимин, Кыргыз-Россия Славян университетинде алып, аталган университеттин юридикалык факультетин ийгиликтүү аяктаган. 1991-1994-жылдары дыйкан чарбанын жетекчиси болуп эмгектенген.1994-1996-жылдары Каракол шаарында жайгашкан "Керкей" ишканасынын   башчысы. 1996-2001-жылдары "Гузель" ишканасынын генералдык директору, 2001-2005 жылдары Балыкчы шаарында жайгашкан "Нурнефтегаз" нефтини кайра иштетүүчү кичи заводун куруп, ал ишканада генералдык директор кызматын аркалаган. 2005-жылы Түп шайлоо округунан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган.2006-жылы Б.Ельцин атындагы Кыргыз-орус Славян университетинин юридикалык факультетин аяктаган, юрист. 2007-жылы үчүнчү чакырылыштын депутаттарын таркатып жибергендигине байланыштуу депутаттыктан кеткен. 2008-2010-жылдары Коррупцияны алдын алуу боюнча улуттук агенттиктин комиссары болуп иштеген. 2010-жылы кайрадан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, 2013-жылга чейин иштеген.2013-жылы депутаттык мандатын ташырган.(Ал эми серепчилер "Бийликтин саясий куугунтугуна кабылып, депутаттык мандатынан адилетсиз ажыраган" - деген ой-пикирлерин айтышкан).

Ишмердүүлүгү

1987-1989-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөп, радиотелегафисттер бөлүмүнүн командири болгон.
1991-1994 жылдары «Солтонкул» чарбасынын төрагасы болгон.
1994-1996 жылдары «Кергей» мунайкомпаниясынын директору болуп иштеген.
1996-1997 жылдары (Ысык-Көл облусунун ИИБинин чакыруусу боюнча) Ысык-Көл ИИБинин атайын ротасынын инспектору кызматын аткарган.
1997-2001 жылдары мунайзат продуктыларын жөнөтүү боюнча «Гузель» компаниясынын башкы директору болгон.
2001-2005 жылдары «Нурманайгаз» мунай компаниясынын (Балыкчы шаары) башкы директору болуп иштеген.
2005 жылдын мартында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин III чакырылышынын депутаты болуп шайланып, “Келечек” фракциясынын жетекчиси болгон.2006 жылы мамлекеттик сыйлыктар боюнча комиссиянын мүчөсү болуп турган.
2007 жылы ырайым кылуу маселелери боюнча комиссиянын төрагасынын орун басары болгон.2007 жылдын 22-октябрында “Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин таратуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгы менен Жогорку Кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулган.
2008-2010 жылдары Кыргыз Республикасынын коррупциянын алдын алуу боюнча Улуттук агенттиктин комиссары болуп эмгектенген.
2010-жылдын октябрында “Ата-Журт” идеалисттик демократиялык партиясынын тизмеси боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты болуп шайланган, сот-укук маселелери боюнча комитеттин төрагасы.

Сыйлыктары

2009 – жылы Сиңирген эмгеги жана Ысык-Көл облусун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө кошкон олутту салымы үчүн Ысык-Көл облусунун мамлекттик администрациясынын медалы менен сыйланган.
2010 жылы “Сиңирген эмгеги үчүн” Россиялык Афганистан ардагерлер Союзунун атынан ( Афганистан ардагерлер Союзунун Россия Борбордук башкармасынын 2009-жылдын 7-декабрындагы № 485 чечиминин негизиде) Ата Мекендин жана Ата Журттун алдындагы “Сиңирген эмгеги үчүн” медалы менен сыйланган.

Социалдык тармактарда бөлүшүү