Касый уулу Накен
Уруусу:
Моңолдор
Кыздары:
Айнура
Маалымат:
Накен

Касиев Накен - (5. 9. 1947-жылы туулган, Нарын облусу, Ат-Башы району, Ак-Муз айылы) — саламаттык сактоо ишмери, коомдук ишмер, медицина илимдеринин доктору (2000), профессор (2004). КРдин эмгек сиң. врачы (1994). КММИни бүтүргөн (1970). Ош шаардык ооруканасында, Прикарпат аскер округунун (1971—73), Ош шаарындагы 4-Башкы башкармалыгынын ооруканасында врач (1973—75), Майлы-Сай (1975—81), Токмок шаардык Башкы башкармалыгынын ооруканасында (1981—86) башкы врач, Нарын облустук саламаттык сактоо бөлүмүнүн башчысы (1986—89), КРдин саламаттык сактоо министринин орун басары (1989—91), министри (1991—96), Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ВОЗ) Европа региондук бюросунун президенти. КРдин Жогорку Кеңешинин депутаты (1990—95). КРдин Мамлекеттик катчысы (1988—2000), Ош облусунун губернатору (2000—05), 2009-жылдан Улуттук Онкология борборунун директору. Саламаттыкты сактоону уюштуруу боюнча адис. 40тан ашык илимий эмгеги, анын ичинен 2 монографиясы бар. «Ардак Белгиси» ордени, «Даңк» (1998) ж. б. медалдар менен сыйланган. Эмг.: Медико-демографическое исследование Кыргызкой Республики (1997). Кыргызстан — США. Б., 1988; Здровохранение Кыргызстана (состояние и перспективы развития). Б., 1998. Проблемы репродуктивного здоровья женшин в современных условиях (в соавторстве). Б., 2002.
Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү