Абдыраман уулу Жусуп (Усуп)
Уруусу:
Саяк
Маалымат:
Жусуп (Усуп)

Абдрахманов Жусуп (Юсуп) (1901, Күнгөй-Аксуу болушу, Чиркей кыштоосу, азыркы Ысык-Көл району, Жаркымбаев айылы — 1938, Бишкек, сөөгү 1991 Ата-бейит көрүстөнүнө коюлган) — советтик жана кыргыз мамлекеттик ишмери, Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Советинини биринчи Председатели(1927—1933), РСФСР ВЦИКтин мүчөсү, СССР ЦИК Президиумунун мүчөлүгүнө кандидат, ВКП(б)БКнын Орто Азия бюросунун мүчөлүгүнө кандидат, эл тарыхын объективдүү изилдөөчү.

Жусуп Абдрахманов

 

Өмүр-баяны
 

Көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахманов 1901-жылдын 28-декабрында Каракол уездинин Күңгөй-Аксуу болуштугундагы Чиркей айылында төрөлгөн. Атасы - Абдрахман Балапанов - манап, бий жана 3 жыл болуш болуп, 1916-жылдагы көтөрүлүшкө катышкан, ошол жылы келтеден өлгөн. Энеси жана 7 бир тууганы Нарында казак-орустар тарабынан көтөрүлүштү басууда өлтүрүлгөн. Жусуп иниси Токо экөө томолой жетим калышкан.

1912-15-жылдарда Сазановка кыштагында орус-тузем мектебин окуп бүтүрөт, андан кийин Каракол шаардык жогорку-башталгыч окуу жайынан окуйт. 1916-жылы эл менен бирге Кытайга качып барып келүүгө аргасыз болот. Кайра келгенден кийин орусча билген 16 жашар тири карак өспүрүм Каракол гарнизонунда атбагар болот. 1918-жылдан баштап коомдук ишке аралашат. Кызыл Армияга жазылып, бир жылга жетпеген убакта катардагы жоокерден эскадрондун командирлигине чейи көтөрүлөт.
Адегенде 1919-жылы Верныйдагы(жеткиликсиз шилтеме) командирлик курстан, андан кийин Ташкендеги аскердик жогорку мектептен окуйт. 1918-19-жылдарында түндүк Жети-Суу фронтунда ак казактар менен салгылашат. Ден соолугуна байланыштуу демобилизацияланып кетпегенде, Жусуптан көрүнүктүү аскер начальниги өсүп чыгышы да мүмкүн эле.1919-жылдан баштап ал партиялык-советтик курулушка баш-оту менен киришет.

Жусуп Абдрахманов Кыргыз мамлекетин түптөгөндөрдүн башында болуп, аны түзүлүшүнө жана калыптанышына негиз салган. 1920-жылы ВЛКСМ дын III- cъездине катышып, ошол жерде В.И. Ленин (Ульянов) менен президиумда отуруп, аны менен бирге иштешкен. 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеп турат.

1924-жылы Туркестан Компартиясынын БКсы тарабынан уюштурулган “Улуттук оргбюронун” председатели болуп, Кыргыз автоном областын түзүүнү ишке ашырат. 1924-1925-жылдарда ВКП (б)нын 1-секретарынын милдетин аткарып, анан 2-секретары болуп турат. Кыргызстандын азыркы чектери Абдрахманов тарабынан аныкталганы белгилүү. Элдин өз эгемендигин өзү чечиш керектигин жетекчиликке алган Абдрахманов тилектештери Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаевдер жана каракалпактын мыкты уулдары менен бирге, Туркестан АССРинин курамында борбору Жалал-Абадда болгон, Ысык-Көлдөн Арал деңизине чеййин созулган Каракыргыз-Каракалпак автономиясын түзүү идеясы менен чыгат. Албетте, бул идея ишке ашпай калган. Абдрахмановдун аракети менен, адегенде РСФСРдын(жеткиликсиз шилтеме) курамындагы автономиялык область, андан кийин автономиялык республика болгон Кыргызстан өз эгемендигин алгыча СССРдин курамында союздук республика болуп турду. Ал эми адегенде Казакстандын, андан кийин Өзбекстандын курамындагы Каракалпакстан автономия бойдон эле калганын билебиз.

1926-жылдын 1-февралында Кыргыз автономиялык ССРинин түзүлүшү да анын тынымсыз аракети менен ишке ашкан. Абдрахманов дайыма Кыргызстандын РСФСРдын курамындагы автономиялык область болуу менен чектелбестен, өз алдынча республика болушуна толук негиз бар

Википедиядан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү