Бейшеналы уулу Шүкүрбек
Уруусу:
Саяк
Маалымат:
Шүкүрбек

Шүкүрбек Бейшеналиев

1928-жылы Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районундагы Куртка айылында туулган.

Ш.Бейшеналиевдин балалык чагы Улуу Ата Мекендик согуштун жылдарына туш келгендиктен, кыйынчылык жагдай-шартка жараша убагынан эрте жетилген курбалдаштары сыяктуу турмушка эрте аралашты.

Толук эмес орто мектепти, башкача айтканда 7-классты бүтөөрү менен эмгек жолун баштоого аргасыз болгон.

1943-жылы Нарын шаарында ачылган алты айлык мугалимдер курсунда окуп, андан соң орто мектепте мугалим, директор болуп иштеген.

Ш.Бейшеналиев 1946-жылы Нарын педагогикалык окуу жайын экстерн бүтүргөн.

Ал 1948-жылы университетинин филология факультетине өтүп, аны 1952-жылы ийгиликтүү аяктаган.

Ал 1952—53-жылдары СССР Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалындагы Тил жана адабият институтунда илимий кызматкердик орунда иштейт.

1953-жылы Ш.Бейшеналиев «Жаш ленинчи» журналына редактор болуп дайындалат.

1954-жылы Кыргызстандагы жаштар уюмунун Борбордук комитетинин секретары болуп шайланган.

1956—59-жылдары «Ленинчил жаш» гезитинин редактору болуп иштеген.

КМУнун филология факультетин, СССР Жазуучулар союзунун алдындагы Жогорку адабий курсту бүткөн.

Мындан кийинки жылдары ал Кыргызстан жазуучулар союзунун секретары, чет өлкөлөр менен достуктун жана маданий байланыштын Кыргызстандагы Коомунун президиумунун төрагасынын орун басары, төрагасы болуп коомдук иштерде жүрдү.

17 жылдай чет өлкөлөр менен достук жана маданий байланыш коомунун жетекчиси кызматтарында иштеген.

Кыргыз ССРинин Жогорку Кеңешинин депутаттыгына шайланган.

КМШнын Жазуучулар союзунун Эл аралык шериктештигинин башкармасынын жана анын Балдар жана өспүрүмдөр адабияты боюнча Кеңешинин мүчөсү, Кыргызстан Жазуучулар союзунун башкарма мүчөсү, анын алдындагы Балдар жана өспүрүмдөр адабиятынын ассоциациясынын Президенти, коомдук өнөктүктөрдүн демилгелүү катышуучусу болгон.

2000-жылы оорунун айынан келгис сапарга узай берди.
Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлду.

Социалдык тармактарда бөлүшүү