Өмүрзак уулу Куйручук
Уруусу:
Саяк
Маалымат:
Куйручук

Куйручук - Кудайберген Өмүрзак уулу (1866, Курманкожо – Кулжыгач (азыркы Жумгал району, Кызылтуу айылы) – 1940, Жумгал айылы) – куудул, ырчы. Энесинен эрте ажыраган. 14 жашынан байларга жалданып иштеп, турмуштун оордугун көп тарткан. Ошондуктан коомдогу жакшы менен жамандыкты, карама- каршылыктарды, келишпестиктерди эртерээк ажыратып, сергек кароого үйрөнгөн. Өз чөйрөсүндөгү бай- манап, молдо, бий-болуштардын терс кылык-жоруктарын эл алдында тартынбай ашкерелеген. Анын «Бейиштеги үн», «Арбак», «Айып кимде», «Жалаа», «Манасым барда кайда болсо коном» жана башка жоруктары эл арасына кеңири белгилүү. Куйручук куудул гана эмес, төкмө ырчы да болгон (мисалы, атактуу Найманбай ырчы м-н айтышы). Манастан жана башка дастандардан айткан. Кыргыздын оозеки чыгармаларын, улама сөздөрүн, санжырасын көп билген, кепке уста, ашкан чечен болгон. Куйручуктун куудул сөздөрү бизге толук жеткен эмес. Анын чукугандай таамай айтылган курч сөздөрү, күлкүлүү жоруктары эл арасында ылакап катары айтылат. К. Бектенов Куйручуктун мурасын чогултуп, ал жөнүндө китеп жазган. Куйручук чыйрак, карылуу дагы киши болгон. Анын эскерүүсүнө караганда 27 жашка чыкканга чейин 18 жолу балбан күрөшкө түшүптүр. Ал сынчы, келечекти көрө билген, айтканы айткандай келген адам болгон. Анын ысымы менен Жумгал районундагы айыл аталган. Кыргыз элинин ичинен чыккан акылы, тамашакөӣлүгү жана куудулдугу менен эл арасында аты калган инсан болгон.

Социалдык тармактарда бөлүшүү