| Ысым | Кездешүү саны | Аныктама |
|---|---|---|
| Белек | 174 | БЕЛЕК – атасынын (ошондой эле, сейрегирээк энесинин) көзү өткөндө төрөлгөндө, атадан калган белек деген мааниде коюлат. Белек – бала атасын көрбөй (же атасы баласын көрбөй) төрөлгөн кезде, чечмелеп айтканда, ымыркай жарык дүйнөгө келгенде анын атасы турмуштан өтүп кеткен болот, энесинин курсагында калган болот. Ошондуктан баланын атасынын энесине (жана жакын туугантуушкандарына, өзүнөн кийинки урпактарга) калтырып кеткен белегим, энчим, турмушумдун уландысы деп эсептеген. Бул кыргыз түшүнүгүнүн турмуштук модели, жаратылышты кабылдоосу, таанып – билүүсү менен байланышкан |
-
Көп кездешкен ысымдар
- 455 Жаныбек
- 454 Кубанычбек
- 450 Нурсултан
- 442 Таалайбек
- 439 Руслан
- 406 Тилек
- 401 Урмат
- 397 Акылбек
- 391 Жолдошбек
- 372 Алтынбек