Акынбай уулу Иса
Уруусу:
Саяк
Кыздары:
Неля Чынара Анара
Иса кызы Анара
Энеси:
Бибихан
Маалымат:
Иса

Иса Ахунбаев

Иса Коной уулу Ахунбаев 1908-жылы Ысык-Көлдөгү Тору-Айгыр айылында туулган.

Атасы менен чогуу 1916-жылы Улуу Үркүндө Батыш Кытайга качып, 1917-жылы кайтып келген.

Ташкенттеги Орто Азия медициналык институтун бүтүргөндөн кийин (1935), Кыргыз ССР саламаттык сактоо эл комиссарынын орун басары (1935-37).

1937-39-жылдары жазыксыз жерден Сталиндик абакта камалып жаткан.

Фрунзе шаардык оорукананын хирургия бөлүмүнүн ассистенти (1941) болгон.

1947-жылдан өмүрүнүн аягына чейин КММИнин жалпы хирургия кафедрасынын башчысы, ошол эле мезгилде 1948-52-жылы КММИнин директору.

1952-54-жылы СССР ИАнын Кыргыз филиалынын Президиумунун төрагасынын орун басары жана төрагасы болгон.

1975-жылы 5-январда автокырсыктан улам дүйнөдөн кайткан. Сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлган.

Социалдык тармактарда бөлүшүү