Чокмор уулу Сүймөнкул
Уруусу:
Жетиген
Маалымат:
Сүймөнкул

Сүймөнкул Чокморов 1939-жылы 9-ноябрда Кыргызстандын Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Чоң-Таш айылында туулган.Үй-бүлөдө 7 бир тууган болгон, ал, үч байкеси жана үч эжеси. Кичинекей чагында катуу ооруган. Ошол үчүн спорт менен машыга баштаган. Кыргызстан жана Ленинград тандалма волейбол тайпасында ойногон. Ошол эле учурда живопиське кызыгып кеттип. Мектептен кийин Ленинград Көркөм Академиясына тапшырган, 1964-жылы бүтүргөн. Окууну бүтүргөндөн кийин Фрунзе Көркөм окуу жайында сабак берген. 1967-жылы КСРСнун Сүрөтчүлөр Союзунун мүчөсү болуп калган. Киного 1969-жылы келген. Биринчи ролу "Караш ашуудагы атыш"("Выстрел на перевале Караш") тасмасында башкы каармандын ролун аткарган. Актёр тарыхый тасмаларда ("Жетинчи ок"("Седьмая пуля"), "Дерсу Узала") жана бүгүнкү күндөгү маселени көтөргөн тасмаларда ("Кызыл Алма") роль аткарган. Көбүнчө кыргыз элинин улуу жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары боюнча тартылган көркөм-тасмаларда роль аткарган. 1981-жылы Чокморов КСРСнун эл артисти наамын алган.1992-жылы Бишкек шаарында 53 жаш курагында көпкө созулган оор оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.

Социалдык тармактарда бөлүшүү