Калназар уулу Сайдыракман
Уруусу:
Моңолдор
Маалымат:

Калназаров Сайдыракман (1920-2007) - СССР Ички иштер элдик комиссариятынын (НКВД) капитаны 1940-1945-жж.

 Мырза-Аке районундагы Кызыл-Октябрь орто мектебинин директору 1945-1947-жж.; Мырза-Аке райондук комитетинде Аскер бөлүмүнүн башчысы 1947-1948-жж.; ушул эле комитетте пропаганда жана агитация бөлүмүнүн башчысы 1948-1950-жж.; Лейлек райондук аткаруу комитетинин төрагасы 1952-1953-жж.; Төлөйкөн КП РК 1-катчысы 1953-1955-жж.; Мырза-Аке районуна караштуу Фрунзе колхозунда башкарма 1955-1958-жж.; Мырза-Аке райондук социалдык камсыздандыруу бөлүмүнүн башчысы 1958-ж.;  Совет КП РКнын лектор-консультанты, инструктору 1960-1963-жж.;

Өзгөн райондук партиялык өндүрүштүк башкармалыгында инспектор-партиялык уюштуруучу 1963-1965-жж.;

Кара-Кочкор айылдык кеӊешине караштуу сегиз жылдык «Луначарский» атындагы мектепте директор 1965-1973-жж., андан кийин 1990-жылга чейин катардагы мугалым болуп иштеген.

Кыргыз ССР Эл агартуусунун «Отличниги», В.И. Лениндин 100 жылдыгына карата юбилейдик медалы жана Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу катары бир катар медалдар менен сыйланган.

Саясий жана илим билимдерди жайылтуу коомунун Республикалык башкармалыгынын Президиуму тарабынан бул тармакта иштеген алгылыктуу иштери үчүн 1961-жылы ГДРге барууга бекер жолдомо менен сыйланган.

1967-жылы ОшМУнун тарых факултетин бүтүргөн.

Эл тарабынан агартуу тармагындагы көп жылдык эмгеги эскерилип, өзү иштеген мектепке 2007-жылдын 22-сентябрында «Калназаров Сайдыракман» атындагы орто мектеби деп ысымы коюлган.

Социалдык тармактарда бөлүшүү