- Уруусу:
- Моңолдор
- Маалымат:
-
Калназаров Абдилхай Сайдыракманович (1950-2023-жж.)
Бир канча жогорку (медициналык, педогогикалык, журналистикалык жана ички иштер боюнча) окуу жайларды бүтүргөндүгүнө байланыштуу көптөгөн тармактарда иштеген.
1970-1972-жж. Советтер армиясында батальондун фельдшери кызмат ордунда мөөнөттүү аскердик кызматын өтөп келген.
1972-1977-жж. Ош облусундагы ооруканаларда дарыгер, 1977-1979-жж. Жалал-Абад шаарындагы мектептерде орус тили жана адабияты мугалими, 1979-ж. “Ленинчил” газетасында редактор, 1980-1983-жж. Коммунисттер партиясынын мүчөсү болуп иштеп келген, 1983-2006-жж. Кыргыз Республикасынын Ички иштер Министрлигинин аймактык бөлүмдөрүндө (Ленинский, Бүргөндү, Кадамжай, Кара-Бак, Кара-Кулжа, Кызыл-Жар) кызмат өтөгөн. Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнүн паспорттук столунун башчысы кызмат ордунда кызмат өтөп, жаш курагы жеткендигине байланыштуу милициянын майору атайын чини менен ардактуу эс алууга чыккан. Ардактуу эс алууга чыккандан кийин дагы 2006-2010-жж. паспорттук столдо жарандык кызматкер катары ишке орношуп кеӊешчи кызмат ордунда иштеп келген, 2010-2015-жж. Кашка-Жол айыл өкмөтүндө катчы болуп элге кызмат кылган.
Эмгек жылдарында мамлекеттик, ведомстволук жана өлкөбүздүн жетекчилеринен алкыш, грамота, төш белгилери жана медалдары менен сыйланган.
- Социалдык тармактарда бөлүшүү