Калназар уулу Кайып
Уруусу:
Моңолдор
Кыздары:
Гүлнара Анара Динара Чынара
Маалымат:
Кайып

Калназаров Кайып

  • 5-май 1936-жылы Нарын районундагы Көгөндү деген жерде туулган.
  • 1970-жылы Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Скрябин атындагы айыл чарба институтун бүтүргөн, окумуштуу зоотехник.
  • 3-июль 1953-жылдан областтык "Нарын правдасы" газетасында корректор, 1956-1961-жж. комсомолдун Нарын райондук, областтык комитеттеринде инструктор, 1961-1962-жж. партиянын Нарын райондук комитетинде инструктор, 1962-1964-жж. Кыргызстан КП БКнын алдындагы партиялык-советтик мектепти артыкчылык диплому менен бүтүрүп, кенже зоотехник-уюштуруучу кесибине ээ болгон.
  • 1964-1967-жж. Тянь-Шань районундагы Эмгекчил колхозунда париялык комитеттин катчысы, 1967-1970-жж. партиянын Тянь-Шань райкомунун уюштуруу бөлүмүнүн башчысы, 1970-1979-жж. Тянь-Шань районундагы Куланак колхозунун төрагасы, 1979-1982-жж. Жумгал райондук советинин аткаруу комитетинин төрагасы, 1982-жылы V-X айлары Нарын облустук айыл чарба башкармасынын башчысы, 1982-1985-жж. партиянын Тогуз-Торо райкомунун биринчи катчысы, 1985-1994-жылга чейин Тянь-Шань районундагы Ленин атындагы колхоздун төрагасы, 1994-1999-жж. Нарын мамлекеттик Заповеднигинин директору, 1999-2012-жж. чейин заповедникте илимий кызматкер, 2012-2015-жылга чейин Нарын облустук согуштун, эмгектин, ардагерлер Кеңешинде төрага болуп иштеди.
  • 62 жыл тынымы жок эмгек жасады.
  • 36 жыл чарбалык, партиялык, советтик уюмдарда, жаратылышты коргоо тармагында жана коомдук уюмда жетекчи кызматтарда иштеди. Кийинки 17 жылда Заповедникте курчап турган чөйрөнү коргоо боюнча да олуттуу иш аткарды.
  • К. Калназаров 1990-1995-жж. Кыргыз Республикасынын Эл депутаты, айтылуу легендарлуу парламенттин мүчөсү, Кыргызстан көз каранды эмес болуп жарыяланышына, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын, мамлекеттик Туусунун, Гербинин, Гимнинин кабыл алынышына өз салымын кошкон адам.
  • К. Калназаров уюштуруучулук ишмердиги, облустун социалдык экономикалык жактан өнүгүшүнө кошкон салымдары үчүн Эмгек Кызыл Туу ордени, "Эмгектин каармандыгы" үчүн, "Эмгектин артыкчылыгы" үчүн, "Эмгектин ветераны" медалдары менен сыйланган.
  • 2009-жылы "Кыргыз Республикасынын жаратылышты коргоосуна эмгек сиңирген кызматкер" деген ардактуу наамдын ээси болду.
Социалдык тармактарда бөлүшүү