Дөөлөсбакты уулу Токо
Уруусу:
Сарыбагыш
Энеси:
Бакдөөлөт
Кыздары:
Күмүшай
Токо кызы Күмүшай
Маалымат:
Токо көп аял алса дагы эркек балалуу болгон эмес дешет. Эркек балдары токтобой жаш кезинде өлүп калышып, бир гана Күмүшай деген кызы калат. Ал кызын Таластагы саруу туугандардын бир чоңуна берген экен. Илгери иликтеп келишип, белдүү адамдарга өзүлөрүндөй тектүү жерден куда түшкөн. Кызын кембагалдарга беришкен эмес. Калың бүткөндөн кийин дагы Токо кызын бербей үч кул салык салат. - Эгер кудалыкка санасаңар мага кулуңар эмес эле нарктуу эле тукумдан үч уул бергиле! Мен асырап багып алгандай болоюн. Алла таалам мага эркек бала бербеди, - деп жатып алат. Күмүшай да акылдуу мыкты кыз болгон экен. Кудалар үч бала беришет. Алар: Чечей, Өсүн, Молой деген балдар болот. Токо балдарды элине алып келип ак боз бээ союп, элин чакырып, бата алат. Сакалы белине түшкөн кары алаканын жайып бата тилеп, Токо байбичеси менен моюндарына курун салынып тилек кылат. Эл: - Чечей, Өсүн, Молой сарбагыштын тукуму. Токонун уулдары болсун! Аларды кул-кутан деген адам оңбосун! - дешип бата беришет.
Социалдык тармактарда бөлүшүү