Төрөкул уулу Чыңгыз
Төрөкул уулу Чыңгыз
Уруусу
Кытай
Энеси
Нагима
Кыздары
Ширин
Маалымат
Чыңгыз

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов (1928-2008) — кыргыз жана орус тилдеринде жазган советтик жана пост-советтик жазуучусу, Кыргыз ССРнин эл жазуучусу (1974), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз Республикасынын Баатыры.

Чыңгыз Төрөкулович Айтматов 1928-жылы 12-декабрда азыркы Кыргыз Республикасынын Талас облусунун Кара-Буура районундагы Шекер айылында мамлекеттик кызматкердин үй-бүлөсүндө туулган. Ал кезде Шекер айылы ССРСдин РСФСРинин Кыргыз АССРинин Талас кантонунда болчу. Чоң атасы Айтмат кыргыздын кытай уруусунан чыккан бай кишининуулу болгон.

Атасы Төрөкул Айтматов адегенде 1927-жылдан тартып, 1932-жылга чейин большевиктер партиясынын Жалал-Абад кантонунун биринчи катчысы, андан соң Кыргыз обкомунун катчысы болгон. Андан соң Төрөкул 1937-жылы репрессияланып, 1938-жылы жазыксыз жерден "пантүркист" катары атылып кеткен. Эл ичинде кадыр-барктуу, көрүнүктүү адамдардан болгон.

Апасы Нагима Хамзеевна Айтматова - теги боюнча татар. Чыңгыздын таятасы Хамза - караколдук бай жана айдың татар соодагери болгон. Азыр да Каракол шаарында Хамзанын эки кабат үйү сакталып турат. Нагима жергиликтүү театрда актриса болгон. Билимдүү, эл оозуна алынган, акылдуу аялдардан болгон.

1942-жылы II Дүйнөлүк согуштун кесепетинен Чыңгыз Айтматовго мектепти убактылуу таштоого туура келет. Ал убакта Айтматов 14 жашта эле. Шекер эли аны кат-сабаттуу болгондуктан айыл өкмөтүнүн катчысы кылып шайлап коёт. Ошол кезде жаштардын арасында кирилче кат тааныган улан-кыздар саналуу гана эле (калгандары кыргыздын арапча же латынча жазмаларын билишкен).

Жаш Чыңгыздын башына кыйынчылыктар түшөт. Бирок ал баарына чыдамкайлык менен туруштук бере алды..

Андан кийин ошол эле согуш жылдарында райондук салык чогултуучу болуп иштейт. Айыл калкынан салык чогултат. Бирок согуш маалында ага салык чогултуу оңойго турган жок. Бир жылдан кийин, 1944-жылы август айында бул ишин өз эрки менен таштайт да, тракторлук бригаданын эсепчиси болуп иштейт.

1946-жылы, сегизинчи классты аяктагандан кийин Жамбылдагы зооветеринардык техникумга окууга өтөт.

1948-жылы техникумду мыкты аяктап бүтүргөндөн кийин Кыргыз айыл-чарба институтуна окууга кирет. Аны дагы 1953-жылы мыкты аяктайт.

1959–1965-жж. орусча "Литературный Кыргызстан" журналынын баш редактору болгон.

"Правда" гезитинин кабарчысы да болуп иштеген.

1988–1990-жж. Москвада чыгуучу "Иностранная литература" журналынын баш редактору болгон.

1964–1986-жж. Кыргызстан Кинематографисттер Биримдигинин Биринчи катчысы болгон.

1976–1990-жж. СССР Жазуучулар Биримдигинин Башкармалыгынын катчысы болгон.

1986-жылдан - Кыргызстан Жазуучулар Биримдигинин Биринчи катчысы болгон.

1966-89-жылдары СССР Жогорку Кеңешини н депутаты болгон.

1989-91-жж. СССР Эл депутаты болгон.

1990-жылдардан баштап СССРдин жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык миссияларын башкарган.

2008-жылы октябрь айларында 80 жылдыгына карата Улуттук Компьтердик гимназиясына келген.

2008-жылы 16-майда Татарстанда сапарда жүргөн чагында бөйрөгүнүн иштебей калганына байланыштуу жазуучуну Германиянын Нюрнберг шаарынын ооруканаларынын бирине жеткиришет. Ал жакта 2008-жылдын 10-июнунда пневмония оорусунун кесепетинен жазуучу көз жумду.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү