Төрөкул уулу Ильгиз
Уруусу:
Кытай
Энеси:
Нагима
Кыздары:
Жамийла
Маалымат:
Ильгиз

Айтматов Илгиз Төрөкул уулу - (8.2.1931-ж.туулган, Фрунзе) - тоокен геомеханикасы боюнча илимпоз, техника илимдеринин доктору (1985), КРнын УИАнын академиги (1989, корреспондент мүчөсү 1987), профессор (1991), КРнын илимге эмгек сиңирген ишмери, илим жана техника боюнча СССРдин (1989) жана Кыргыз ССРинин (1984) мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты. 1954-ж. Москва геологиялык чалгындоо институтун бүтүргөн. Кыргыз ССР Геология башкармалыгынын геологиялык чалгындоо партияларында жана Каменский экспедициясында инженер (1957), КРнын УИАнын тоотектердин физикасы жана механикасы институтунда кенже илимий кызматкер, лаборатория башчысы (1960-68), директордун илимий иштер боюнча орун басары (1968-70), директору (1970-1990 жана 1994-2004), КРнын УИАнын президенти (1990-93), 1989-99-ж. академик-катчысы. Илимий эмгектери негизинен кендерди коопсуз жана натыйжалуу иштетүү, чоң гидротехникалык курулуштарды куруу, айлана-чөйрөнү коргоо, тоолуу аймактардагы табигый жана табигый-техногендик кыйроолор проблемаларына арналган. Сейсмоактивдүү тоо аймактарында жер кыртышынын үстүнкү катмарындагы тектердин табигый чыңалган-деформацияланган абалы жөнүндө концепцияны түзгөн. 260тан ашык илимий эмгектин (анын ичинде 8 монографиянын), 15 ойлоп табуунун автору. Тоолуу аймактарда чыңалуунун калдыгынын секирик түрүндө бошонуусу жөнүндө илимий ачылыш жасаган. III даражадагы «Манас» ордени менен сыйланган (2003). Эмгектери: Тампонирование обводненных горных пород в шахтном строительстве. М., 1972; Современные проблемы механики скальных пород в гидро-энергетическом строительстве. М., 1985; Управление горным давлением на рудниках и шахтах Киргизии. Ф., 1979; Геомеханика рудных месторождений Средней Азии. Ф., 1987; Геомеханика оползнеопасных склонов. Б., 1999.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү