Карабек уулу Жантай
Уруусу:
Сарыбагыш
Маалымат:

Жантай Карабек уулу - (1794, Чүй өрөөнү, Бейшеке айылы – 1867, ошол эле жер) – сарыбагыш уруусунан чыккан чоң манап. Анын кыргыз коомчулугуна белгилүү болушуна, биринчиден, акылы менен жөндөмү, экинчиден башынан бий болуп келаткан ата-тегинин даңазасы жардам берген. Чоң атасы Атаке баатыр өз убагында жалпы кыргыз элине таанымал ишмер болуп, сарбагыш уруусунун тынай бутагын башкарган. Андан кийин бийлик анын уулу Таштанбекке өтүп, ал өлгөн соң Жантайга тийген. 1842–55-ж. түндүк кыргыздардын өз алдынча мамлекетин түзүүдөгү Ормон хандын иштерин колдоп, Кокон хандыгынын таасиринен чыгуу саясатына аралашкан. 1846–47-ж. Кенесары Касым уулунун кыргыздарга жасаган баскынчылык чабуулуна каршылык көрсөтүп, жеңишке жетишүүдө да чоң роль ойногондордун бири. 1850-жылдары адегенде Ормон хан менен бирдикте, кийин түндүк кыргыздарды бийлеген төбөлдөрдүн арасына Ногоев, Хабибулин сыяктуу орус тыңчылары жүр­гүзгөн тымызын үгүткө байланыштуу орус бийлигине жакындашуу саясатын колдогон. Бирок, Ормон хандын өлүмү себеп болгон бугу-сарбагыш чабышынан кийин алардан алыстай баштаган. Бул тууралуу пристав М. М. Хоментовский: «Жантай, Жаңгарач манаптарын өзүбүзгө бекем байлашыбыз керек» деп белгилеген. 1860-ж. октябрь айында Узун-Агач согушунда Кокон ханы Маланын аскерин колдогон түндүк кыргыз манаптарынын ичинде Жандай да болгон. Бул согушта орус аскеринин кокондуктарды жеңиши Жантайга катуу таасир берип, кокондуктардан биротоло кол үзгөн. 1862-ж. Байтик Канай уулунун чакыруусу менен келишкен орус аскери Пишпек чебин алганда, Жантай өз адамдары менен Токмок чебин басып алган. 1864-ж. Кокон мамлекетинин жаңы кожоюну Алымкул аталыктын атынан түндүк кыргыз манаптарын өз жагына тартуу үчүн келген Койчу парваначынын аракетин четке кагып, сарыбагыш уруусунун манаптары Төрөгелди баатыр, Менде, Кудаярлар менен орус букаралыгын кабыл алуу максатында М. Г. Черняевге жолугууга барган. Ал 73 жашында каза болуп, мүрзөсүнө эстелик тургузулган. Анын орус империясынын карамагына өтүү саясатын уулдары Шабдан жана Манапбайлар улантышкан. Жантай алты аял алып, он бир эркек бала көргөн, урпактары көбүнчө Кемин, Чүй райондорунда, азыраагы Ысык-Көл районунда турушат.

Википедиадан алынган маалымат

Социалдык тармактарда бөлүшүү