Үчүкө уулу Маматкул
Уруусу:
Сарыбагыш
Маалымат:

Мааматкул баяны

Мааматкул да заманынын мыкты адамы болгон экен. Ошол жоокерчилик заманда кол баштап чыгат. Анын кытай тарыхындa «Ма-моет-холь» деп беришкен жана анын 1758-жылы нака токсон жашка чыкканын маалымдаган.
Бул кишинин үч аялы болуптур:
1-аялы Бурулдан: Темир, Болот эки уул.
2-аялы-Кундуздан: Чоюн, Эрмек, Сары үч уул.
3-аялы-Шааркандан: Беккожо.
Экинчи жана үчүнчү аялдын балдары, же тактап айтканда Мааматкулдун Кундуз менен Шааркандан төрөлгөн балдары: Чоюн, Эрмек, Сары, Беккожолор хан Кудаян менен бирге Сырдарыя (Жейхун) менен Аму дарыясынын ортосуна чейин көчүп барышып, андан Ирандын түндүгүнө көчүшөт. Ушул Ооганстандын Памир тарабында, Каракалпакта, Өзбекстанда бирин-сериндеп оокат кылууда. Бул жерде Бурул байбиченин Болот, Темир деген балдарынын тукумдары турат.
Социалдык тармактарда бөлүшүү