Кыдык уулу Осмонаалы
Уруусу:
Сарыбагыш
Маалымат:

Осмонаалы Кыдык уулу Сыдыков (Осмонаалы Кыдык уулу; 1875-1942) – атактуу кыргыз тарыхчысы, 20-кылымдын башында жарыяланган кыргызча эки китептин автору, агартуучу.

Кыргызстандын азыркы Нарын облусуна караштуу Кочкор өрөөнүндөгү Абайылда болушунун Кызыл-Дөбө айылында туулган. Анын аталаш агасы Жаркынбай дубанга таанымал сабаттуу (молдо) киши болгон. Осмонаалы да өз айылында мектепте окуп, кийин Бухарадагы диний жогорку окуу жайын (медресени) бүтүргөн. "Алаш" партиясынын мучосу.
Бир катар жылдары Чүй өрөөнүндө мугалим болуп иштеген. Совет дооорунда Пишпектеги (азыркы Бишкек) окуу жайларында, бир катар мектептерде сабак берген.
1920-жылдардын акыры - 30-жылдардын башында сталиндик куугунтуктоолор доору башталганда Кытайга кетип калган. Чыгыш Теңир-Тоодо (Текесте) бозгунда жүрүп каза болгон. (Соңку такталган үй-бүлөлүк маалыматтарга караганда, ал 1940-жылы эмес, 1942-жылы кайтыш болгон экен).
1913-жылы Башкортостандын Уфа (Өфө) шаарында “Мухтасар тарых-и Кыргызийа” (“Кыргыздардын кыскача тарыхы”), ал эми 1914-жылы болсо - “Тарых-и кыргыз Шадманийа” (“Шабданга багышталган кыргыз тарыхы”) деген эмгектери басылып чыккан. Бул эки чыгарма тең бир китеп болуп 1986-ж. Үрүмчү шаарында (Кытай) араб ариби менен кыргызча кайра жарыяланган.
Китептин айрым бөлүктөрүн жазуучу Кеңеш Жусупов айтылуу “Ала-Тоо” журналында жана “Кыргыздар” көп томдук эмгегинде жарыялаган.
Кыргызстандын пост-советтик эгемендик доорунда Осмонаалынын бул китептери кеңири калайыкка таанымал болду. 1930-жылы аны эл душманы катары камакка алышып, бир жылдан кийин, 1931-жылы атууга өкүм чыккан. Жаза аткарылганга чейин аны Ташкент түрмөсүнө которушкан. Мына ошол жолдо абактан абакка баратканда, Осмонаалы Сыдыков кайтарып алып бараткан аскер кызматкери менен кармаша кетип, куралчан аскер бычагын пайдаланган. Ошол бычактан экөө тең жаракат алып, кансырап жатышкан. Натыйжада аскер кызматкери курман болгон.
Осмонаалы Сыдыков болсо, ошол жердегилердин жардамы менен (колунун манжалары кесилген) аман калып, андан ары жол улап Жаныбек казыга барып баш калкалап, ал аркылуу Кытайга кирип кеткен. Ал 1942-жылы Чыгыш Теңир-Тоодо (азыркы КЭРдин Шинжаң Уйгур автоном районунун аймагында) Текес жергесиндеги кыргыз айылында безгек оорусунан каза болгон.

Википедиадан алынган маалымат
Социалдык тармактарда бөлүшүү